Казакстандын тышкы соода үлүшү 60% жетти

Казакстандын тышкы соода үлүшү 60% жетти

Казакстан товар экспортунун колөмүн пандемияга чейинки көрсөткүчкө жеткирди. Жыл башынан бери чек арадан 37,4 миллиард долларлык өнүм өттү. Ошентип, өлкөдөгү тышкы сооданын үлүшү 60% жетти. Соода саясатын өнүктүрүү борборунун маалыматы боюнча, экспорттолгон товарлардын 68%ы чийки зат, 32%ы кайра иштетилген өнүм болуп саналат. Жогорку көрсөткүч мунайды ташуу көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду. Баш оона айына чейин өлкөдөн 19 миллиард долларлык кара алтын экспорттолгон. Казак товарларын эң көп керектөөчүлөр Европа, Кытай жана Евразиялык экономикалык биримдиги болуп саналат. Тактап айтканда, 8 айда Евробиримдикке 15 миллиард долларлык ата мекендик товар жеткирилди. Ал эми Кытай Эл Республикасына 6,5 миллиард долларлык өнүм сатылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков