Бул ферроэритме, буудай, мунай, күн карама майы менен тоо-кен өнүдүрүшүн өндүрүүгө арналган жабдык, автоунааларды жана башка өнүмдөрдү жеткирүү боюнча экспорттук келишимдер. Эки өлкөнүн ишкер топторунун жолугушуусунда өз ара байланыштын көлөмү өскөндүгү айтылды. Маселен, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 1 миллиард 400 миллион долларга жеткен. Көпчүлүгү Казакстандын экспорту. Алардын ичинен буудайдын үлүшү басымдуулук кылат. Жалпысынан өткөн жылы айыл чарба товарларынын соодасы 40%га өскөн. Тажикстандын дүкөндөрүндө Казакстанда жасалган өнүмдөр коюла баштады.
Ербол Карашөкеев, айыл чарба министри:
- Өткөн жылы биз Тажикстан Республикасына терең иштетилген даяр өнүмдөрдү жеткире баштадык. Учурда бул өлкөгө негизинен мунай өнүмдөрүн экспорттойбуз. Тактап айтканда, Тажикстанга маргарин, рапс, күн карама майларын жеткиребиз.
Туруктуу транспорт айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр менен катар эки өлкө үчүн да пайдалуу. Башкача айтканда, чакан бизнес өнүгөт. Ал эми биргелешкен ишканалардын ачылышы берүүлөрдүн тез өсүшүн камсыз кылат. Тажикстанда дүң жана бөлүштүрүүчү борборлордун курулушу Казакстанды жылдын он эки айынын ичинде жашылча менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул боюнча тараптар келишим түзүүгө жетишти.
Сулаймон Зиезада, Тажикстан Республикасы премьер-министринин орун басары:
- Эгерде дүң сатуу борборлору түзүлсө, сакталган өнүмдөрдү Казакстанга жыл бою жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал биргелешкен ишкана болот. Биздин үлүштөр 50/50гө барабар. Аларды Тажикстандын үч облусунда куруу пландалууда. Коңшуларга салыштырмалуу биздин бакчанын эгиндери 20 күнгө эрте бышат. Анын ичинде пияз да бар.
Эки тараптуу соода алмашуунун мүмкүнчүлүгү муну менен эле чектелбейт. Натыйжалуу мамилелердин натыйжасы быйылкы жылы өз ара соода жүгүртүүнүн 25%га өсүшүнө шарт түздү. Азыр сооданын көлөмү 197 жарым миллион долларга жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков