Казакстан Сенатынын төрагасы жетектеген АЭС курулушун колдоо боюнча элдик штабдын мүчөлөрү Жетису облусунда болду. Иш сапардын жүрүшүндө депутаттар, серепчилер жана коомдук ишмерлер аймактын активдүү жаштары менен өндүрүштүк жана эмгек жамааттарында жолугушту. Жолугушууда инновациялык технологияларды, жаңы ыкмаларды өндүрүү, үйрөнүү жана жайылтуу тууралуу сөз болду. Бул учурда, өлкөдө өзөктүк кубат куруу маектешүүнүн өзөгүнө айланды. Катышуучулар өз пикирлерин билдирип, анын пайдасы менен келип чыгуучу тобокелдиктерге көңүл бурушту. Палатанын спикери бул демилгенин стратегиялык мүнөзүнө жана өлкө экономикасына тийгизген таасирине токтолуп, алдыдагы референдумда ар бир добуштун маанилүү ролун белгиледи. Маулен Ашимбаев ошондой эле бул «элдин үнүн угуучу мамлекет» концепциясын ишке ашыруунун жаркын мисалы экенин белгиледи.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Касым-Жомарт Кемелевич Токаев өлкөнүн келечегине тиешелүү маселелерге келгенде, жалпы өлкөгө таасир эте турган кадамдарга барганда, кабинетте отуруп, өзүбүз чечпей элдин оюн угуп, чечим кабыл алышыбыз керек деп айтканын сиздер билесиздер. Ошондуктан биз муну калкка жеткиришибиз керек. Эл кандай чечсе, ошондой болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков