Бул үчүн биринчи кезекте 1800ден ашык талаа жаныбары атайын короодо багылып, каралат. Ак бөкөндөр изилдөө максатында гана колго үйрөтүлөт. Окумуштуулар алардын тукумуна ветеринардык жана биологиялык көз караштан көз салып турушат. Кийинчерээк чогултулган маалыматтардын негизинде илимий негиздеме жасалат. Анын жыйынтыгы 2025-жылга чейин жарыяланат. Бул тууралуу өлкөнүн Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин жыйынында айтылды. Негизинен изилдөөлөр менен Зоология институтунун жана Батыш Казакстан агротехникалык университетинин адистери алектенишет. Окумуштуулар мындай иш-чаралар жаныбарларга терс таасирин тийгизбей тургандыгын айтышууда. Тиешелүү документ коомчулуктун талкуулоосу үчүн Ачык өкмөт порталына жарыяланды.
Андрей Ким, экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги комитети төрагасынын орун басары:
- Илимий изилдөөлөрдүн максаты - кийиктердин популяциясын изилдөө. Негизинен бул жаныбарды айыл чарба багытында пайдалануу, башкача айтканда жапайы жаныбарларды колго үйрөтүүнүн жолдорун комплекстүү кароо. Бир сөз менен айтканда, айыл чарбачылыгы маданиятына киришүү. Бул үчүн аларды атайын клеткаларда кармап, бир аз изилдөө жүргүзүп, байкайбыз. Муну коомчулук өзү сунуштаган. Бул эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Анткени, келечекте кожолуктар кийиктерди кой, эчки, уй сыяктуу үй жаныбарлары катары багып өстүрө алышат.
Былтыр жүргүзүлгөн эл каттоого ылайык, Казакстанда 1 миллион 300 миң кийик мекендейт. Бул дүйнөдөгү бардык кийик түрүнүн 90%ын түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков