Логопед-дефектолог - Рауан Байчиновдун бул ыкмасы угуу жөндөмдүүлүгү чектелген балдардын кулагына аппаратты койгондон кийин реабилитациялык процессти казак тилинде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал өзүнүн комплекстүү изилдөө иштеринде интонациянын түзүлүшүнө чоң көңүл бурганын айтат. Ошондо гана кыска сүйлөмдөрдү түзүү стадиясына алмашат. Анткени, бала уккан үндүн кандай экенин ажырата билүүсү керек дейт.
Рауан Байчинов, логопед-дефектолог:
- Казак тилинде өзгөчө билим алууга муктаждыктары бар балдар үчүн казак тилиндеги методикалык программалар дагы эле толук кандуу эмес, бар болсо да көйгөйлөрдү чече албайт. Кохлеардык импланттары бар балдар көбүнчө операциядан кийин реабилитациядан орус тилинде өтүүгө туура келет. Анткени бүгүнкү күндө адистер жетишсиз болсо, экинчиден, программалардын жетишсиздиги себеп.
Азыркы учурда уникалдуу тажрыйбадан 80 бала өтүштү. Рауан Байчинов сунуштаган илимий методика келечекте угуусу жана сүйлөө жөндөмү чектелген жаштардын квалификациясын тереңдетүүгө түрткү болушу мүмкүн. Жаш окумуштуунун долбооруна ушул тапта бир нече коомдук уюмдар жана инклюзивдик билим берүү борборлору кызыгып жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков