Акордада казак-катар мамилелеринин өнүгүү келечеги талкууланды. Мамлекет башчы Катардын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министрин кабыл алды. Жолугушууда Касым-Жомарт Токаев менен Мухаммад бин Абдулрахман Аль Тани соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү карап, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Катардын Тышкы иштер министри президентке өлкө эмиринин саламын жеткирип, анын жакын арада Казакстанга келээрин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков