Марокколук саякатчы: Казакстан меймандос мамлекет

Марокколук саякатчы: Казакстан меймандос мамлекет

Марокколук саякатчы Казакстанды көрүү үчүн ондогон өлкөлөрдү басып өттү. Абуфирасс Абдилганинин саякатка чыкканына 1 ай болду. Миңдеген чакырымдарды багындырды. Европа өлкөлөрүн, Түркияны, Грузияны, Азербайжанды кесип өттү. 67 жаштагы саякатчынын басып өткөн жолу аты аңызга айланган Жибек жолу менен бирдей. Казакстанга мотоцикл менен келди. Актау, Актөбе, Кызылорда жана Түркестанга барып жетишти. Алматыны да көрсөм деген ниети бар. Марокколук конок казактын меймандостугуна ыраазы болуп отурат. Кайсыл жерге барбасын, адамдар жылуу тосуп алган. Улуттук тамактардан даам татып, аймактын маданияты, каада-салты менен тааныштырган. Полиция кызматкерлери болсо, жол боюнда жардам колун сунушту. Ал, эми ар бир үй түнөп чыгууга сунуш жасаган. Абуфирасс Абдилғани чын ыкластуулугу жана мээримдүүлүгү үчүн казак элине чексиз ыраазычылыгын билдирип отурат. Ал өз мекенинде ийгиликтүү ишкер, конок үйлөр тармагын башкарат. Сапар учурунда тек гана маданият менен таанышып койбостон, келечектеги кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да иликтеп жүрөт.


Абуфирасс Абдилгани, саякатчы:


- Казакстан өнүгүп жатат. Сиздин мамлекетте коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде. Себеби өлкөдө саякаттоо учурунда эч кандай кыйынчылыкка кабылбадым. Бул туристтерди Казакстанга тартууга оң таасир этет деп ойлойм.


Казакстан жашасын, Казакстан жашасын!


Которгон: Илгиз Жамалбеков