Борбордук Азия өлкөлөрүнүн каржылык жөнгө салуучу органдарынын интеграциясы мамлекеттердин экономикасынын чыңдалышына өбөлгө түзөт. Тараптар биргелешкен аракеттер менен аймакты чет элдик инвесторлор үчүн тартымдуу кыла алышат. Мындай пикирди АЭКБнын Финансылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча комитетинин Эл аралык кызматташуу департаментинин мүдүрү билдирди. Алмас Жоламановдун айтымында, Борбор Азия чөлкөмүн бирдиктүү каржы рыногу катары өнүктүрүү керек. Ал эми Астана эл аралык каржы борбору бул үчүн аянтча боло алат. Мындан тышкары, өткөн жылы тараптар тиешелүү биргелешкен декларацияны кабыл алып, анда каржы борбору региондун өлкөлөрү үчүн интеграциялык экономикалык платформа катары аныкталган.
Алмас Жоламанов, каржылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча АЭКБ комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мүдүрү:
- Дал ушул кызматташтык аркылуу каржы тармагында аймактык долбоорлорду иштеп чыгууга, каржы рыногунда суроо-талапты жогорулатууга, бул жааттагы көптөгөн тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңүүгө, өнүмдөр жана кызматтарды чектөө сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Ошондуктан, биз бул диалогду Борбор Азиядагы финансылык жөнгө салуучу органдардын ортосунда баштадык. Башкача айтканда, ал түздөн-түз банктарга, Каржы министрлигине, ыйгарым укуктуу органдарга тиешелүү. Мамлекет башчыларынын былтыр Түркмөнстанда, быйыл Чолпон-Атада кабыл алган декларацияларына өз салымыбызды кошкубуз келет.
Талдоочулардын пикири боюнча, AЭКБ сайтында каттоодон өтүү - Борбор Азия өлкөлөрүн дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгууга жана ошону менен чет мамлекеттен капиталды тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, республикалар да чет элдик өнөктөштөр менен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жигердүү кызматташууга шарт түзүлөт.
Алмас Жоламанов, каржылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча АЭКБ комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мүдүрү:
- Биз IOSCO баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын же камсыздандыруу көзөмөл органдарынын эл аралык ассоциацияларынын көп тараптуу меморандумдарына кол койгонбуз. Анын алкагында дүйнө жүзү боюнча 124 жөнгө салуучу орган менен кызматташа алабыз. Бул АЭКБга келген компаниялар дүйнөлүк деңгээлде иштей алат дегенди билдирет. Башкача айтканда, борбордун дүйнө жүзү боюнча бул багытта келишимдери бар. Мунун аркасында ал аркылуу трансчек аралык негизде кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө АЭКБда дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн 1,5 миңге жакын компания катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков