Евробиримдик Казакстандын “Орто коридор” логистикалык
долбоорун кеңейтүүнү колдоого ниеттенүүдө. Ал Транскаспий эл аралык транспорт
жолу катары белгилүү. Бул жол Кытай, Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан,
Грузия аркылуу Европа өлкөлөрүнө өтөт. Пандемия учурунда транспорт коридоруна суроо-талап
бир нече эсеге өстү. 2022-жылы Орто коридор аркылуу 1,5 миллион тонна
жүк ташылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Анын ичинде
Казакстандын товарларынын экспорту 6,5 эсеге өсүп, 890 миң тоннаны түздү.
Тери Хакала, Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы
атайын өкүлү:
“Орто коридор” демилгесин көтөргөнүңүздөргө бир нече жүз
жыл болду. Биз тараптан бул идеяны иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү
түзгүбүз келет. Кеп товарларды тезирээк жеткирүү үчүн логистикалык процесстерди
санариптештирүү жөнүндө болуп жатат. Ошол эле учурда инфраструктураны
модернизациялоо маселеси тууралуу сөз болууда. Атап айтканда, бул Актау порту.
Бүгүнкү күндө иш жүрүп жатат. Негизинен бул Борбор Азияга гана тиешелүү эмес. Баарыбызга
белгилүү болгондой, азыркы дүйнөдө соода-экономикалык байланыштарды ар
тараптандыруу өтө маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков