Казакстанда былтыр инфляция 9,8% түздү. Анын деңгээли 2022-жылдан бери эки эсеге төмөндөгөн. Мажилисте республиканын өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү талданды. Каржы министринин айтымында, 2023-жылы ички дүң өнүмдүн өсүшү 5%дан ашып кеткен. Бул негизги капиталга инвестицияларды көбөйтүүнүн жана экономиканы кайра иштетүүчү өнөр жай, курулуш, соода жана транспорт сыяктуу кыймылдаткыч тармактарын өнүктүрүүнүн эсебинен жетишилди. Мамлекеттик кирешелердин масштабы 4 триллион теңгеге көбөйдү. Керектүү каржылоо менен камсыз кылуу мамлекетке өзүнүн социалдык милдеттенмелерин толук аткарууга мүмкүндүк берди. Бул отчеттук мезгилде үч улуттук долбоор кабыл алынды. Аларды ишке ашырууга ар кандай булактардан 625 миллиард теңге каралган.
Мади Такиев, Каржы министри:
– «Ыңгайлуу мектеп» пилоттук улуттук долбоорун ишке ашыруу үчүн аймактарга Улуттук фонддун эсебинен 500 млрд теңге бөлүндү. Быйыл 217 мектептин курулушу аяктайт. «Айылдагы саламаттыкты сактоону жаңылоо» пилоттук улуттук долбоорун ишке ашырууга мерчемделген 42 млрд сумманын 37,8 млрд теңгеси бөлүндү. 2023-жылы медициналык-санитардык жардам пункттарынын 99 обьектисин салуу көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков