Жашыл энергия менен камсыздоо өстү

Жашыл энергия менен камсыздоо өстү

Казакстанда акыркы 5 жылда шамал жана күн станцияларынын кубаттуулугу он эсеге артты. Бүгүнкү күндө өлкөдө 140тан ашык альтернативдүү энергия булактары иштеп жатат. Алардын 43ү шамал, 53ү күн, 40ы суу жана 5и биоэлектр станциялары. Келечекте дагы санын көбөйтүү пландалууда.

Даулет Закарьянов, Казакстандын энергетика министрлигинин башкармалыгынын башчысы:

- 2025-жылга чейин дагы 49 объектини ишке киргизүүнү көздөп жатабыз. Алардын кубаттуулугу 860 мегаватт болот. Мунун аркасында кошумча жумуш орундарын түзөбүз, жашыл технологиянын үлүшүн көбөйтөбүз жана аталган объектилер курула турган аймактарга инвестиция тартабыз.

Серепчилердин айтымында, 2030-жылга карата өлкөнүн балансында жашыл энергетиканын үлүшү 15 пайызга жетүүгө тийиш. Азыр бул көрсөткүч 4 пайызды түзөт. 2060-жылга чейин Казакстан көмүртектин нейтралдуулугуна жетиши керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков