Казакстанда быйыл да коомдун экологиялык маданиятын калыптандыруу боюнча жигердүү иштер улантылат. Буга байланыштуу коомчулукка экологиялык демилгелер тууралуу маалымат берүүчү «Эко иш-чара» тиркемесин E-gov жана башка мобилдик системаларга киргизүү пландалууда. Маданият жана маалымат министрлиги даалдыдагы жазда «Таза лайк» долбоору ишке кирерин билдирди. Ал, окумуштуулардын, тармактык адистердин жана коомдук уюмдардын ортосунда экологиялык маселелерди чечүүнүн жалпы аянтчасына айланат. Мындан тышкары, окуучулардын жана жаштардын айлана-чөйрөнү коргоо темасында мыкты идеяларын топтоо максатында «Аяла» аттуу арт-фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө. «Жашыл мектеп» долбооруна 500 миң окуучу, 3 миллиондон ашык ата-энелер жана алардын жакындары катышаары күтүлүүдө. Муну менен катар, көптөгөн экологиялык кинодолбоорлор ишке ашырылат. Мисалы быйыл токойчулар тууралуу тасма, эко-активист тууралуу сериал жана «саякат тайм трэвел шоу» улуттук теледолбоору жана кичинекей көрүүчүлөрдүн экологиялык аң-сезимин өстүрүүчү 3 анимациялык чыгарма тартылат. Ошондой эле биргелешкен эл аралык акциялар өткөрүлөт. Мисалы, Каспий деңизин тазалоо өлкөдө башталып, Азербайжан тарапка өткөрүлүп берилет. Дал ушул сыяктуу эле, башка чек ара аймактарында да ушундай долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

