Казакстанда Актауга жакын жердеги
авиакырсыктын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына сыйлык берилди. Президенттин
атынан 70 адам мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Алар өрт өчүрүүчү-куткаруучулар,
тез жардам кызматкерлери, диспетчерлер, энергетиктер, ошондой эле катастрофалык
медицина борборунун адистери жана соттук серепчилер. Аларга орден жана
медалдарды Маңгыстау облусунун акими тапшырды. Эске салсак, өткөн жылдын бештин
айынын 25де Актауга жакын жерге Азербайжан аба жолдорунун учагы кулап, 38 адам
каза болуп, 29 адам куткарылган.
Сериболат Онгар, Баскудук айылынын №12 өрт
өчүрүү бөлүмүнүн комнадири:
- Биз өз милдеттерибизди аткардык. Өрттү
өчүрүп гана тим болбостон, дагы бир катар куткаруу иштерин жүргүздүк. Бул оңой
болгон жок, жумуш көп күч-аракетти жана туруктуулукту талап кылды.
Азербайжан учак кулагандан кийин жардамы үчүн
казакстандык куткаруучуларды сыйлады
Белгилей кетсек, Актаунун жанындагы учак кырсыгынан аман калгандарды куткарууга катышкан казакстандык куткаруучулар Азербайжанда сыйланышты. ӨКМ кызматкерлеринин тобуна «кызматташтык үчүн» төш белгиси тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

