Маалыматтык-энциклопедиялык жыйнак Улуу Ата Мекендик согуштун жана бүгүнкү тынчтык заманынын баатырларына арналган. Агартуучулук эмгек «Казакстан ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын ардагерлер уюму» коомдук бирикмесинин демилгеси менен жарык көргөн. Максаты – элдик баатырларды даңазалоо, алардын адептүү өмүрүн, ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга үлгү катары көрсөтүү болуп саналат.
Марат Ахметжанов, Ички иштер министри:
- Бул кийинки муун үчүн чоң сабак. Ушундай эрдиктин, ушундай атуулдардын аркасы менен эгемендүүлүккө ээ болуп, бүгүн чоң жаркын өлкөгө айланып, өнүгүп келе жатабыз. Согуш ардагерлерине, Эл Баатырларына жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле кесиптештеримдин атынан таазим этип, муну баштаган чоң жамаатка терең ыраазычылык билдирем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков