Берлинде Казакстан киносунун жумалыгы өтүүдө. Маданий иш-чара Казакстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналат. Режиссёр Акан Сатаевдин Томирис тарыхый тасмасы көрүүчүлөргө биринчилерден болуп көрсөтүлдү. Массагеттердин ханышасы жана перс королу Кир тууралуу фильмди көрүп отургандар залга жык толду. Актёрлордун оюну, кийимдери өзгөчө таасир калтырды. Жумалыктын алкагында режиссёр Нургелди Садыгуловдун «Балуан Шолак», Рашид Сулейменовдун «Кайрылуу» тасмалары жана режиссёр Тлек Төлөугазы менен Турдыбек Майдандын «Музбалак» мультфильми жана башка чыгармалар көрсөтүлөт.
Тереза Кламанн, тасманын продюсери:
- Мен кинону жаңы эле көрүп, андан өзгөчө таасир алдым. Айрыкча согуш талаасындагы көрүнүштөр кубандырды, аларды тасмага тартуу, каскадерлордун ишин, жалпы эле жараянды уюштуруу абдан кыйын. Бул эң сонун нерсе жана тарыхка терең үңүлүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Эрктүү аялдын образы ийгиликтүү берилген. Анан, албетте, мага костюмдар абдан жакты.
Даурен Карипов, Германиядагы Казакстандын элчиси:
- Биздин максат – өлкөбүздүн салтын, маданиятын кино аркылуу жергиликтүү коомчулукка жеткирүү. Бул элчиликтин жекече мерчемдеген иш-чараларынын бири. Мамилелерибиздин 30 жылдыгы болгондуктан, албетте, быйылкы мааракелик жылдын алкагында көптөгөн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков