Казакстандын билим берүү моделин Финляндиянын, Улуу Британиянын жана Түштүк Кореянын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасы менен синтездөө. Быйыл Нур-Султанда жаңы муундагы 4 инновациялык мектеп пайда болот. Мында балдар акысыз билим ала алышат. Билим берүү мекемелери инсандын руханий жактан калыптанышына өзгөчө басым жасайт. Ага ылайык, бул жерде казакстандыктардын жаңы муундарын Amanat принциптеринин негизинде - урматтоо, жоопкерчиликке жана тырышчаактыкка тарбиялоо көздөлүүдө. Мындан тышкары, окуучулар үчүн интеллектуалдык өнүгүү жана көркөм-эстетикалык кабыл алуу үчүн, коворкинг зоналары, кинотеатр, телестудия, театр, сүйлөө жана дебат клубдары каралган. Биринчи инновациялык мекеме аяк оона айынын 1де эшигин ачат. Мектеп азыркы учурда 80% даяр болуп калды. Дагы үчөө кийинчерээк ишке берилет. Тармакты республика боюнча кеңейтүү жагы дагы каралууда. Белгилей кетсек, бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылууда.
Арайлым Магзумова, өнүктүрүү боюнча мүдүр:
- Биздин мектептердин эң негизги айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири-жогорку материалдык-техникалык жабдуулар болуп саналат. Долбоордун жалпы наркынын 20%дан ашыгы жабдууларга жумшалат. Бул эмне берет? Бул толук жаңыланган билим берүү стандарттарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда, балдар физика, химия, биология боюнча тажрыйбалык, лабораториялык жумуштарды иш жүзүндө жүзөгө ашыра алышат. Жыйынтыгында биз Visa эл аралык изилдөөсү менен өлчөнгөн жана ага ылайык биздин өлкөнүн көрсөткүчтөрү анчалык жогору эмес функционалдык сабаттуулуктун өнүгүшүнө алып келет деп үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков