Астанада Республика күнүнө арналган көргөзмө өтүп жатат

Астанада Республика күнүнө арналган көргөзмө өтүп жатат

Борбор калаада Республика күнүнө арналган тематикалык көргөзмө өтүп жатат. Анда музейлерден, фонддордон жана китепканалардан чогултулган ондогон экспонаттар коюлган. Алардын ичинен фотосүрөттөрдү, кинохроникаларды, документтерди, айкелдерди жана мамлекеттик сыйлыктарды бөлүп атоого болот. Негизги экспонат 1990-жылдын тогуздун айынын 25де кабыл алынган Мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларациясынын көчүрмөсү болду. Серепчилердин айтымында, бул документ эгемен Казакстандын тарыхындагы жаңы мезгилдин, тагыраагы саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп саналат.

Ботагөз Кайыпова, Президент борбору мудүрүнүн орун басары:
- Президенттик институттун түптөлүшү, мамлекеттик чек араларды тактоо, куралдуу күчтөрдү түзүү, өлкөнүн эл аралык аренада мамлекет катары таанылышынын тарыхын бүгүн ушул жерден көрүүгө болот. Ага далил катары бүгүнкү экспонаттарды айтууга болот. Бул биздин саясий тарыхыбыздын көрүнүшү. Андыктан экспонаттар мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, багытыбызды аныктайт деген ойдобуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков