Канттын баасы эмне үчүн кымбаттады? Көпчүлүктү кызыктырган суроого өлкөнүн айыл чарба министри атайын брифингде жооп берди. Башкача айтканда, маселе импорттук көз карандылыкта жатат. Коңшу мамлекеттердеги геосаясий кырдаалдан улам логистика токтоп калды. Буга чейин кумшекер 4-10 күндүн ичинде Орусия менен Беларустан ташылып келсе, азыр үчүнчү өлкөлөрдөн үч ай дегенде келип жатат. Тактап айтканда, кант азыр Бразилия жана Индия аркылуу алынып келинет. Натыйжада, акыркы эки жылдын ичинде чийки заттын наркы эки, ал эми аны тапшыруунун баасы үч эсе кымбаттады. Азыр канттын килограммы 450 теңгеден чыгарылат. 15% дүң жана чекене үстөктөрдү эске алганда, баа 600 теңгеден ашпашы керек - дейт министр. Импорттун эсебинен азырынча өлкөдө канттын тартыштыгы жок.
Ербол Карашөкеев, Казакстандын айыл чарба министри:
- Баш оона айынын башталышына карата республикада канттын запасы 35,1 миң тоннаны түзүүсү мерчемделүүдө. Кант импорту 42,2 миң тонна деңгээлинде күтүлүп жатат. Акимчиликтердин резервдерин эсепке алуу менен биз баш оона айынын акырына чейин республика боюнча канттын жалпы корун 118 миң тоннага жеткирүүнү көздөп жатабыз. Базар баасын камтуу деңгээли 169% түзөт. Ошондуктан бизде теке, баш оона айларында канттын резерви жетиштүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков