Айыл чарбачылыгына тартылган инвестициялардын көлөмү бир жылда 3 эсеге өстү

Айыл чарбачылыгына тартылган инвестициялардын көлөмү бир жылда 3 эсеге өстү

Казакстанда агроөнөр жай комплексине артыкчылык берилет. Өткөн жылы эле айыл чарбасына инвестициянын көлөмү үч эсеге өсүп, 773 миллиард теңгеден ашты. Мындай маалыматты finprom.kz билдирди. Тармакка салынган инвестициянын жарымына жакыны, 161 миллиард теңгеден ашууну Түндүк Казакстан облусуна тиешелүү. Андан кийин Павлодар облусу келет. Аймактагы агроөнөр жай комплексине 104 миллиард теңге тартылган. Инвесторлор айыл чарбасын өнүктүрүүгө 102 миллиард теңгеге жакын инвестиция салган Акмола облусу алдыңкы үчтүккө кирди. Белгилей кетсек, агроөнөр жай комплекси негизинен жеке ишканалар тарабынан каржыланат. Бул сегментте капиталдын көлөмү 543 миллиард теңгеге жетти. Андан кийин банктык эмес насыялар, ссудалар жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары турат. Тактап айтканда, акыркы 5 жылда дыйкандарды колдоого 2 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков