Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жана дүйнөлүк аренада кызматташууну өнүктүрүү. Бул тууралуу соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Евробиримдиктин жана бельгиялык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Тараптар пандемияга карабастан Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы соода көлөмү өсүп жатканын белгилешти. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында товар жүгүртүү 19 миллиард доллардан ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 15 пайызга көп.
Бернд Ланге, Европарламент эл аралык соода комитетинин төрагасы:
- Казакстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы пандемия учурунда да жогорку деңгээлде болгон. Баарына кыйынчылык алып келген 2020-жылы да Казакстан Борбор Азиядагы эң маанилүү соода өнөктөшү бойдон кал берет. Дүйнөлүк соода уюмунун министрлер конференциясынын төрагасы катары Казакстан бул иш-чараны уюштурууда маанилүү роль ойноп келет. Отундун казылып алынышы тармагында субсидияларды кыскартуу жана айыл чарбасына олуттуу инвестиция салуу маселелерин талкуулоо маанилүү. Дүйнөдө эмдөөнүн темпин тездетүү үчүн соода жана өз ара жардамдашуу боюнча так макулдашуу керек. Ошондой эле, Дүйнөлүк соода уюмунун Париж Климат келишими алкагында талаш-тартыштарды чечүү механизмин өркүндөтүү зарыл.
Ошондой эле, баяндамачылар Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясынын милдеттери жана максаттары боюнча пикир алмашты. Ага Казакстан жетинин айынын аягында Женевада төрагалык кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков