Казакстан Кытайга жеткирилип жаткан өнүм түрлөрүнүн жана рынокко чыгуучу атамекендик экспорттоочулардын реестрин кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Ал эми КЭРнын буудайдын импортун жогорулатууга кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министри менен КЭРдин өлкөдөгү Элчисинин жолугушуусунда айтылды. Өткөн жылдын 11 айында өз ара товар жүгүртүү 44 миллиард долларга жакынды түздү. Жакын арада мамлекет башчылары соода алаканы эки эсеге чейин арттыруу боюнча макулдашты. Бул убакыттын ичинде жүк ташуу да 29 миллион тоннадан ашып, 2023-жылдан бери 13% га өстү. Тараптар аны жакшыртуу үчүн жаңы өткөрүү пункттарын ачуу, колдонуудагыларды жаңылоо жана чек ара жанындагы кемелерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды такташты. Кытай Казакстандын эң мыкты 5 инвесторунун катарына кирет. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 62 млрд долларды түзгөн 8,7 биргелешкен долбоор ишке кошулуп, АКШ валютасында 13,5 млрд долларлык 55 биргелешкен демилгени ишке ашыруу стадиясында турат. Жалпы пулга 60 миллиард доллардан көп 200дөн ашык инвестициялык долбоорлор кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

