Казакстандын ИДӨ келерки жылы 4,2% жетет

Казакстандын ИДӨ келерки жылы 4,2% жетет

Быйыл Казакстандын ИДӨ 3,8 пайызды, ал эми келерки 2022-жылы 4,2 пайызды түзөт. Серепчилердин баамында, мамлекеттик программалар өлкөдөгү ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, быйыл өлкөдө башталган 10 улуттук долбоор жакынкы жылдарда экономиканын өнүгүшүнө түрткү берет. Ал эми инфляциянын өсүшү 2022-жылдан тарта басаңдап, 4-6 пайыз деңгээлинде турукташышы мүмкүн. Ага дүйнөдөгү транспорт жана логистика тармагындагы тоскоолдуктарды азайтуу жана базалык чендин кайра жанданышы өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков