Изилдөө жана иштеп чыгуулар көңүл чордонунда. Муну
статистика далилдеп турат. Быйыл Казакстанда бул багытта эки эсе көп кызмат, тактап
айтканда бир эле кварталда — 24 миллиард теңгеден ашык суммага кызмат
көрсөтүлдү. finprom.kz порталынын маалыматы боюнча, 18 миллиард теңгеден ашык
каражат жаратылыш жана техникалык илимдердин үлүшүнө тиешелүү. Отчеттук
мезгилде өсүш 70%ды түздү. Атап айтканда, геология тармагында илимий-изилдөө,
методикалык жана эксперименталдык-конструктордук иштер жаатындагы кызмат
көрсөтүүлөрдүн көлөмү 5 миллиард 300 миллион теңгеге жетти. Биотехнология
тармагындагы илимий изилдөөлөргө жана эксперименталдык иштеп чыгууларга дагы 2
миллиардга жакын каражат жумшалган. Мамлекеттик жана гуманитардык кызмат
көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү кызматтар да акчалай түрдө эки эсеге өскөн. Алар 6
миллиард теңгени түздү. Ошол эле учурда илимий изилдөөлөрдүн көбү ири
метрополияларда жүргүзүлдү. Серепчилердин айтымында, сектордогу кызмат
көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн үчтөн экисинен ашыгы Алматы менен борбор калаага
туура келген. Бул тиешелүүлүгүнө жараша 10 миллиард жана 6 жарым миллиарддан
ашык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков