Казакстан менен
Түркия аскердик техника өндүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүнү көздөөдө. Айта
кетсек, Казакстан флоту үчүн кемелер Түркия менен бирге кураштырылат.
Казакстандын «Зенит» кеме куруучу заводу менен боордош мамлекеттин аскердик
жана кеме оңдоочу заводдорунун жетекчилеринин ортосунда тиешелүү келишимге кол
коюлду. Документке ылайык, Түркиянын Коргоо министрлигинин туунду ишканасы
деңиз флотунун унааларын, соода жана ири аскердик кемелерди долбоорлоо жана
куруу менен алектенет.
Ошол эле учурда өлкөдө Түркиянын Anka учкучсуз учагынын монтаждоо жана тейлөө линиясын ишке киргизүү пландалууда. Эки тараптын ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Учурда Жамбыл облусундагы окуу борборунда аппаратты сыноо иштери жүрүп жатат. Ал эми өндүрүшкө киргизүү баш оона айына мерчемделген.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков