Сенат кооптуу калдыктарды ташуу тартибин аныктаган документти ратификациялады

Сенат кооптуу калдыктарды ташуу тартибин аныктаган документти ратификациялады

Казакстан кооптуу таштандыларды чек арадан өткөрүү эрежесин бекитти. Сенат Евразиялык экономикалык биримдигинин бажы аймагы менен аталган товарларды чек ара аркылуу ташуу боюнча келишимди ратификациялады. Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешевдин айтымында, жүк кайтарылган учурда жүк жөнөтүүчү аны экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүүгө милдеттүү болот. Бул калдыктарды кайра иштетүүгө, даярдоого, сорттоого жана тазалоого тиешелүү. Документте таштанды төгүү маселеси каралган эмес.

Маулен Ашимбаев, Казакстан Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Келишим Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда кооптуу калдыктарды өткөрүп берүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт. Ошондой эле, аларды ташуу учурунда аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат алмашууга укуктук негиз түзөт. Алдыдагы убакытта бул мыйзам зыяндуу калдыктарды жок кылууга жана кайра иштетүүгө, айлана-чөйрөнү таза кармоого салым кошот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков