Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорунун негизинде
адамдын баалуулугу, жарандардын укуктарын коргоо жана адамдык капиталды
өнүктүрүү жатат. Сенаттын депутаты Андрей Лукиндин айтымында, бул принциптер
өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктайт. Бул тууралуу ал «Астана Балет»
театрынын жамааты менен болгон жолугушууда билдирди. Ал документте жаштарга
өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Атап айтканда, алардын өнүгүүсүнө, билим
берүүсүнө, чыгармачылыгына, саламаттыгына жана социалдык коргоосуна.
Андрей Лукин, парламент сенатынын
депутаты:
– Албетте, мен көбүнчө
жумушчулардын укуктарын коргоого, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө басым
жасайм. Жаштарды коргоо, жаштарды өнүктүрүү маселелери. Чыгармачылыкты
өнүктүрүү, интеллектуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, медициналык камсыздоо жана
социалдык коргоо. Ошондуктан биздин эмгек жана жаштар жамааттары менен өткөргөн
бардык жолугушууларыбыз дайыма кызыктуу.
Maqsut Narikbayev University башкармалыгынын
төрагасынын орун басары Сергей Пендин
пикиринде, жаңы Конституциянын долбоору мамлекеттик түзүлүштүн негизги
принциптерин жана бийлик менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматын
чагылдырат. Анын айтымында, өлкөнүн Башкы мыйзамынын долбоору мамлекеттик
бийликтин базалык институттарын терең кайрадан карап чыгуу болуп саналат. Парламенттин
трансформациясы жана Казакстан элдери
Ассамблеясы сыяктуу коомдук-саясий органдардын ролун кайрадан карап чыгуу. Жаңы
форматта дал ушул структуралар мамлекеттик чечимдер менен жарандардын
талаптарынын ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталган.
Сергей Пен, Maqsut Narikbayev University башкармалык төрагасынын орун басары:
– Бул реформалардын маңызы – чечим кабыл алууну элге жакындатуу. Бул, мен ойлойм, негизги институттук өзгөртүүлөр. Албетте, идеядан ишке ашырууга, аны мыйзамга которууга чейинки жол кыскарып жатат. Элдин катышуусун, мисалы, элдик кеңеш аркылуу кеңейтүү да жөнөкөй квоталарды таштоо дегенди билдирет. Бул так баардык маанилүү маселелер боюнча мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу менен элдин эркинин ортосундагы аралыкты кыскартууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

