Премьер-министр «Самрук-Казына» мүдүрлөр кеңешинин жыйынын өткөрдү

Премьер-министр «Самрук-Казына» мүдүрлөр кеңешинин жыйынын өткөрдү

«Самрук-Казына» 33 триллион теңгеден ашык суммага 46 инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Алар мунай-газ, мунай-химия, энергетика, транспорт жана логистика жана башка тармактарда көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Нурлан Жакупов Казакстандын премьер-министринин катышуусунда өткөн мүдүрлөр кеңешинин жыйынында билдирди. Анда Самрук казынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында президент тарабынан коюлган милдеттерди эске алуу менен аны мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Алсак, быйыл «Талдыкорган-Ушарал» магистралдык газ өткөргүчүнүн ишке киришүүсүнүн аркасында өлкөдө Жетису облусунун 66 калктуу конушу газдаштырылат, Маңгыстау аймагында кубаттуулугу суткасына 50 миң куб метр тузсуздандыруучу завод ишке киргизилет. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын жана «Достык-Мойынты» темир жол линиясынын участогунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу транзиттин өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет. Олжас Бектенов жеке инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Инфраструктура, өнөр жай, транспорт, санариптештирүү жана жасалма интеллект артыкчылыктуу багыттар. Өкмөт башчы долбоорлорду ишке ашырууда мөөнөтүнө жана натыйжалуулугуна катуу көзөмөл жүргүзүүгө басым жасады.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Бейнеу-Бозой-Шымкент газ түтүгүнүн экинчи газ түтүгүн, Кашаганда жана Жаңаөзенде газды кайра иштетүүчү эки заводду, полиэтилен, бутадиен өндүрүү боюнча заводдорду куруу. Биз бул долбоорлордун бардыгын өз убагында ишке киргизүүнү камсыз кылышыбыз керек. Мен бул объектилердин көбүндө болдум. Ошондуктан бул жерде аталган маселеге олуттуу көңүл буруу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков