Павлодардогу мектептердин биринде өзгөчө гүлдөр аянтчасы
пайда болду. Бул чакан композиция акын, ойчул Абай
Кунанбай уулунун 180 жылдыгына арналды. Ошентип, мектеп жамааты даанышмандын
рухуна таазим этип гана тим болбостон, билим борборунун короосун көрктөндүрдү.
Эльмира Бахитова, №25 орто мектеп мүдүрүнүн орун басары:
- Композициянын башкы максаты – Абайдын мурасын
даңазалоо, анын даанышмандыгы жана жарандык баалуулуктарга толгон эмгектерин
жаш муунга жеткирүү. Бул гүлдүү композицияда улуу акындын чыгармачылыгынан
шыктанган символдук элементтер гүлдөр менен өсүмдүктөр аркылуу көркөм
жеткирилди.
Белгилей кетсек, Казакстанда улуу ойчулдун мааракесин белгилөө баш оона айынын 1нен башталып, 10 күнгө созулат. Аталган облуста 100дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Иш-чаралар Abay Academiasy энциклопедиялык порталынын ачылышынан башталат. Ошондой эле, Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгынын алкагында концерттер, элдик кол өнөрчүлүк фестивалы, жаш акындардын поэтикалык сынагы, китептердин бет ачары өтөт. Майрамдык иш-чаралар баш оона айынын 10да казакстандык эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүүчү гала-концерт менен аяктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

