Казакстанда тарыхый-маданий мурастарды санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул программанын алкагында «Qazaq Culture» маалымат-билим берүү платформасы иштеп жатат. Бул платформа 8 тилде иштейт жана өлкөнүн маданий баалуулуктары тууралуу сөз кылат. Ага казакстандыктар да, чет өлкөлүк аудитория да кире алат. Ошентип, коноктор сейрек кездешүүчү экспонаттарды жана искусство чыгармаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мурда алар чектелген көргөзмөлөрдө жана музейлерде гана жеткиликтүү болчу. Санариптештирүүнүн аркасында азыр музейлерге жана театрларга виртуалдык турларды жасоого болот. Бул маанилүү маданий мурас объекттерин сактоого жана аларды келечек муундар үчүн жеткиликтүү кылууга жардам берет.
Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
- «Qazaq Culture» масштабын кеңейтүү боюнча иштердин алкагында өлкөбүздүн
тарыхый-маданий мурастарынын санариптештирилген объектилери, сейрек кездешүүчү
баалуу экспонаттар менен өзүнчө модул ишке киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

