Мамлекет башчысы Казакстан ишкерлеринин укуктарын коргоо боюнча өкүлүн кабыл алды

Мамлекет башчысы Казакстан ишкерлеринин укуктарын коргоо боюнча өкүлүн кабыл алды

Рустам Жүрсинов президентке өткөн жылы рейдерликке каршы күрөштү күчөтүү жана бизнести мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргоо максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады. Ошону менен бирге, ал ишкердик ишмердүүлүк чөйрөсүндө жаңы жөнгө салуу саясатын киргизүү боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчы бизнеске байланышкан административдик тоскоолдуктарды аныктоого жана аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков