Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Нооруз майрамынын башталышы амал күнү менен куттуктады. Амандык таанытуу-бул байыркы доорлордон бери келе жаткан өзгөчө салт. Кыштан чыгып, күнөстүү жазга аман-эсен жеткен жакындар ушул күндөрү бири-бирин менен көрүшөт. Жаштар карылардын батасын алышат. Мамлекет башчысы элдин эзелтен бери ушундай ырым-жырымдар менен бир туугандыкты, тынчтыкты жана боорукердикти даңазалап, муундарга асыл сапаттарды сиңирип келгенин белгиледи. Мунун баары толугу менен азыркы Казакстандын адал жараны концепциясы менен үндөшөт. Бүгүнкү күндө көрүшүү адаты кайра жанданып, жалпы улуттук мүнөзгө ээ болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

