Казакстандын
президенти Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда баңгизатка
каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Бул кеңири түшүнүк, деп белгилешет серепчилер.
Ал бир катар көйгөйлөрдү, анын ичинде улуттук коопсуздукту да камтыйт. Мамлекет
башчысы бул көрүнүштүн жайылышына өзгөчө көңүл бурду. Айтымында, ал биздин
өлкөдө да, эл аралык масштабда да тынчсыздандыруучу мүнөзгө ээ болууда. Президент
мамлекеттин саясаты наркобизнеске чыдамсыз болушу керектигин баса белгиледи.
Президент маалыматтык-аналитикалык ишти өркүндөтүп, заттардын кыймылын
көзөмөлдөө зарылдыгын кошумчалады. Президент өкмөткө, аймактардын акимдерине жана
жооптуу мамлекеттик органдарга баңгизатты алдын
алуу жана наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Которгон: Назира Бегалиева

