Астанада эмгек коопсуздугу боюнча эл аралык көргөзмө-форум өтүүдө

Астанада эмгек коопсуздугу боюнча эл аралык көргөзмө-форум өтүүдө

Санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле казакстандык иш менен камсыз кылуу рыногунун башка заманбап чакырыктарын Астанада эл аралык көргөзмө-форумдун катышуучулары талкуулашууда. Борбор калаада эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнүнө карата эки күндүк иш-чара уюштурулду. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, профсоюздардын, серепчилик коомчулуктун жана бизнестин өкүлдөрү катышууда. Анын ичинде-өнөр жай, металлургия, мунайгаз чөйрөсү, курулуш, кен казуу жана транспорт тармактарында 400дөн ашык компаниялар бар. Бардык катышуучуларды бир аянтчада бириктирген башкы тема- атамекендик ишканалардын кызматкерлери үчүн анын ичинде жаңы диджитал-өнүмдөрдүн жардамы менен коопсуз иштөө шарттарын түзүү. Алар көргөзмөдө 15ке жакын мындай кызматтарды көрсөтүүчү компаниялар менен тааныштырылды. Алардын бири мобилдик тиркемени иштеп чыкты, анын жардамы менен кесиптик кызматкерлер онлайн режиминде өрт жана энергия коопсуздугу боюнча окуу жана практикалык семинарлардан өтүп, жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн ала алышат, ошондой эле жалпысынан мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү билимдерин жаңыртышат.


Елена Долгалёва, KazPromEducation мүдүрү:


- Бул тиркемени биздин команда иштеп чыкты. Биз өз жамаатыбызды түздүк, ал мындан ары бардык коопсуздук инженерлерине онлайн форматта окуудан өтүүгө мүмкүндүк берет. Азыр санариптештирүү доору, менимче, бул актуалдуу. Биздин өнөктөштөрдүн катарына өлкө боюнча бул мобилдик тиркемени активдүү колдонуп жаткан 200дөн ашык компаниялар кирет. Бул өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес ишканалар болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков