Дүйнөлүк банк Казакстанда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууда

Дүйнөлүк банк Казакстанда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууда

Казакстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү, Арал районунун экологиялык абалын жакшыртуу, санариптештирүүнү тездетүү. Дүйнөлүк банк ушул жана башка келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык мүдүрү менен болгон сүйлөшүүлөрүндө белгилүү болду. Алихан Смаилов белгилегендей, өкмөт 2020-2025-жылдарга өнөктөштүктүн алкактык стратегиясынын алкагында Дүйнөлүк банк менен кызматташууга өзгөчө маани берип, өлкө экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот. Натыйжалуу аналитикалык жана кеңеш берүүчү куралга айланган биргелешкен экономикалык изилдөөлөр программасын улантуунун маанилүүлүгү да баса белгиленди. Өз кезегинде Татьяна Проскурякова Дүйнөлүк банк Казакстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыктады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков