Казакстанда легендарлуу апорт алмасы жаңыланат. Долбоорду жүзөгө ашыруу иштери Алматы облусунда башталды. 110 гектар аянтка 25 миң алма бактарын отургузуу мерчемделип жатат. Программа 2025-2028-жылдарга эсептелген. 8 жылдан кийин биринчи түшүм жыйналат. Заманбап агротехниканы сактоо менен ар бир дарактан 100 килограмм апорт алууга болот. Адистердин айтымында, апорт алмаларын жаңылоо дыйкандарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстандын агрардык секторуна инвесторлордун кызыгуусун арттырат. Белгилей кетсек, казакстандык алма сорту таттуу даамы менен айырмаланат. Жыйналган апорт кийинки сезонго чейин жакшы сакталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

