Казакстан менен Тажикстан кызматташтыгынын багыттары

Казакстан менен Тажикстан кызматташтыгынын багыттары

Дүйшөмбүдөгү инвестициялык форумдун алкагында Казакстан менен Тажикстандын ортосунда кол коюлган келишимдердин суммасы 1 миллиард доллардан ашык.  Эки тарап тең товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызыкдар. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода бир миллиард доллардан ашса, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 464 миллион доллар болгон. Казакстан менен Тажикстандын кызматташтыгынын келечектүү багыттарынын бири - айыл чарбасы. Өлкөлөр айыл чарба жана жашылча-жемиш продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо жаатында биргелешкен экспорттук агродолбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр.


Айдарбек Сапаров, Казакстандын Айыл чарба министри:


- Ветеринария боюнча азык-түлүк коопсуздугу комитети менен кол коёбуз. Ошентсе да биз бул жерге жыл сайын тирүү мал жана эт азыктарын жеткирип турабыз. Биринчи жарым жылдыкта биз квота боюнча 1630 баш малды койдук. Жарым жылга квота боюнча 60 миң башыбызды алдык. Азыр 85 миң башыбызды көбөйтүп жатабыз. 20 күндөн кийин толугу менен санариптештирилген квота беребиз жана биз бул жерге тирүү малдын башын жөнөтөбүз.


Жемиштүү кызматташуунун дагы бир тармагы-маалыматтык технологиялар чөйрөсү. Тажик тарап санариптик өкмөттү түзүү тажрыйбасын Казакстандан алууга кызыкдар.


Айдос Жумагулов, Freedom Bankтын мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү:


- Биз Freedom Bankе IT хабын түзөбүз. Анын бир нече багыты бар. Алгачкы багыттардын бири - биз Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы көпүрө болгубуз келет. Качан биздин иштеп чыгуучулар келип, egov платформасынын алкагында Тажикстандын рыногуна имплементациялоо боюнча белгилүү бир тажрыйбаны бере алышат. Экинчи жагынан, биз IT-хаб аянтчасында стартаптар жана Fintechтер үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнү пландап жатабыз.


Суу ресурстары тармагындагы өнөктөштүк - эки өлкө үчүн эң актуалдуу багыт дешет адистер. Казакстан менен Тажикстан бул маселеде кооперацияга ыкташкан.


Гузель Майтдинова, Геосаясий изилдөө борборунун мүдүрү:


- Тажикстанда таза суунун жана мөңгүлөрдүн эбегейсиз запастары бар, алар да суу кору болуп саналат. Бул жаатта да мөңгүлөрдү сактоо боюнча Казакстан менен Тажикстандын кызматташтыгы Борбор Азиянын жалпы жыргалчылыгы үчүн өз ара аракеттениши мүмкүн деп ойлойм. Анан албетте, Рогун ГЭСинин курулушунун бүтүшү биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Борбордук Азияда биз жалпы энергетикалык системага кошулганыбызды билесиңер, Рогун ГЭСинин курулушунун бүтүшү Казакстанга да пайда алып келет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков