Мамлекет башчысы КЭРнын мамлекеттик кеңешинин Премьеринин орун басарын кабыл алды

Мамлекет башчысы КЭРнын мамлекеттик кеңешинин премьеринин орун басары менен Акордада жолугушушту. Анда казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүү келечеги, ошондой эле буга чейин Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпиндин макулдашууларын ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Кытай республиканын ишенимдүү өнөктөшү. Муну менен катар президент КЭР менен эки тараптуу мамилелерди таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүү Казакстан үчүн маанилүү приоритет экенин белгиледи. Өз кезегинде Лю Гочжун Кытай менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын тез өнүгүп келе жатканына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

– Эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү боюнча лидер Кытай Казакстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 40 миллиард долларга жетти. Бул - рекорддук көрсөткүч. Биз муну 100 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул максатка жетүүгө болот.

Лю Гочжун, КЭР мамлекеттик кеңешинин премьеринин орун басары:

– Сиз Кытай элинин жакын жана жакшы ниеттүү досу катары бул жылдар аралыгында Кытай-Казакстан мамилелеринин өнүгүшүнө зор салым коштуңуз. Муну Кытай тарап жогору баалайт. Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөңүз кубаттуу жана гүлдөгөн Жаңы Казакстанды түзүү жолунда алдыга жыла берет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков