Жыл башынан бери Түркестан облусунун туризм тармагын
өнүктүрүүгө 64 миллиард теңге инвестиция тартылды. Бизнестин бул багытка кызыгуучулугу
региондун туристтик тартымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө аталган
аймакта бул чөйрөнү жакшыртуу үчүн тарыхый-таанып-билүү, экологиялык жана
дарылоо-калыбына келтирүү сыяктуу үч негизги багыты аныкталган. Учурда айык
аймакта 47 долбоор ишке ашырылууда. Негизинен курорттук аймактар, аквапарктар,
беш жылдыздуу мейманканалар курулуп жатат. Учурдагылары кеңейтилип, жаңыртылууда.
Нурдаулет Медеуов, Түркестан
облусу туризм башкармасынын башчысы:
- «Medina Palace» мейменканасынын
курулушу аяктады. Азыр ички жасалгалоо иштери жүрүп, 2025-жылы туристтик
сезондо баштоо мерчемделип жатат. Мындан тышкары, "Аксы-Жабагылы" санаториясын
жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Кийинки жылдары туристтерди тартуу үчүн жаңы
инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылмакчы. Тактап айтканда, улуттук ашкана
ресторанын, кол өнөрчүлөр борборун жана "Күльтөбе" шаарчасын
реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Түркестан облусуна 400 миңден ашуун турист келген. Е-конак системасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы 10 айында аймакка 20 миңге жакын чет элдик саякатчылар келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

