Республика боюнча сынакка катышуу үчүн арыздар кабыл алынууда. Ал теке айынын 10на чейин уланат. Бардык жоболор жана шарттар Улуттук инновациялык өнүктүрүү агенттигинин сайтында жайгаштырылган.
Санат Аханов, «QAZINNOVATIONS» инновацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги» АК башкарма төрагасы:
- Бул бекер, үстөм акысыз кепилдиксиз грант алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мамлекет тарабынан берилген эң эффективдүү колдоолордун бири деп ойлойм. Айрыкча бул өндүрүш, ишкана болсо, жаңы технологияларды киргизүүнү кааласаңыз, технология трансфери, импортту алмаштыруу жагынан натыйжалуу. Анда сиз 3 жылга 400 миллион теңгеге грант ала аласыз. Бизде гранттарды берүү боюнча кеңеш бар экенине, гранттарды берүүнүн бардык процесстери ачык жана айкын экенине сиздердин көңүлүңүздү бургум келет. Керектүү маалымат биздин kazin.kz сайтында жайгаштырылган. Бардык байланыш телефондору ошол жерде жазылган. Ошондой эле адистерден кеңеш да ала аласыздар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков