Казакстан чийки затка болгон көз карандылыктан кантип арылууга болот? Бул үчүн талдоочулар «жашыл» технологияларды жана облигацияларды колдонуп, өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүгө басым жасоо керек, дешет. Бирок адистердин пикири боюнча, чындыгында, айыл чарбасынын ролун күчөтүүгө басым жасоо зарыл. Серепчилер республика дүйнөдө малдын сапаттуу этин жана экологиялык таза өнүмдөрдү өндүрүүдө бир кыйла олуттуу орунду ээлей алат деп ишендиришет. Мындай өнүмдөр ар дайым суроо-талапка ээ болот. Буга байланыштуу, жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана географиялык алкагын кеңейтүү маанилүү. Айта кетүүчү жагдай, учурда бул багытта жигердүү иштер жүрүп жатат. Алсак, Казакстандын жүздөгөн экспортчулары эң популярдуу делген «Alibaba» электрондук аянтчаларында өз өнүмдөрүн сунуштап келет. Анын аркасында 4 миң аталыштагы казакстандык товарлар дүйнөлүк базарларга чыкты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жабык чек ара шартында биз экспорттун агымын салттуу каттамдардан сатуунун жаңы рынокторуна бура алдык. Мисалы, сафлор майын өндүрүүчү ата мекендик өндүрүүчүлөр биринчи жолу өз өнүмдөрүн Катарга жана АКШга экспорттошту. Ошондой эле, биз тоңдурулган этти Кытайдын жана Борбордук Азиянын базарларынан Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жеткирүүнү бир жолго коё алдык. Эми биздин азык-түлүк товарларыбызды жеткирүү географиясын мындан ары кеңейтүү маанилүү.
Казакстанда кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө, көмүр энергиясын газга айландырууга, суутекти өндүрүүгө жана пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу экономикалык өсүштүн кубаттуу драйверине айланат. Мындан тышкары, мода жана текстиль өнөр жайларынын өнүгүшү жеңил өнөр жайын чийки зат эмес экспорттук позицияга айландырууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков