Президент «Шеврон» компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрүн кабыл алды

Президент «Шеврон» компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрүн кабыл алды

«Шеврон» компаниясынын мунай-химия тармагындагы инвестициялык долбоорлору жана Карашыганак кенинин өндүрүштүк кубаттуулугун мындан ары кеңейтүү. Аталган маселелер Касым-Жомарт Токаевдин «Шеврон» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы аткаруучу мүдүрү Майкл Уирт менен жолугушуусунда талкууланды. Тараптар дүйнөлүк энергетика рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашты. Президент «Теңизшевройл» компаниясынын ички рынокко кошумча 2,6 миллиард куб метр газды багыттоо боюнча чечимин кубаттады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков