Казакстан менен ЕБ Суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташууну кеңейтет

Казакстан менен ЕБ Суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташууну кеңейтет

Казакстан менен Евробиримдик суу ресурстарын башкаруу жана айыл чарбасын өнүктүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Астанада өткөн маектешүү платформасынын 14-отурумунда өкмөт башчы Олжас Бектенов өлкөдө олуттуу суу ташкындары болгон учурда суу инфраструктурасы менен иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөдө суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. Ал сууну ташууда чыгымдарды кыскартууга, сугат жерлерди көзөмөлдөө системасын жакшыртууга, ошондой эле, гидротехникалык курулуштарды жаңылоого мүмкүндүк  берет.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

 Табигый кырсыктын масштабы жана кесепеттери бизден ресурстарды туура пайдалануу жана келечекте ушул сыяктуу кырдаалдардын алдын алуу боюнча түп-тамырынан бери жаңы ыкмаларды кабыл алууну талап кылат. Бул маселеде бизди Европа өлкөлөрүнүн жана компанияларынын алдыңкы тажрыйбалары, иштеп чыгуулары өзгөчө кызыктырат. Казакстан өкмөтүнүн аракеттерин Евробиримдиктин колдоо программалары менен координациялоо маанилүү.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри: 

 Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен суу ташкындарын алдын алуу жана анын кесепетинен келтирилген зыянды азайтуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу максатында суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясынын жоболорун иштеп чыгуудабыз. Натыйжалуу методдорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттердин алдыңкы илимий тажрыйбалары изилденет. Европа Биримдигинин, анын ичинде Нидерландынын суу ресурстарын башкаруу жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жаатындагы прогрессивдүү ыкмаларын эске алуу менен, тажрыйба алып, бизге тез аракеттенүүгө жардам бере турган мүмкүнчүлүктөрдү изилдейбиз.

Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен агрардык азык-түлүк миссиясынын алкагында жемиштүү кызматташууну белгилешти. Анын максаты - Евробиримдиктин рынокторунда казакстандык өнүм түрлөрүн көбөйтүү жана европалык өнүмдөрдү  өлкөдө жайылтуу. Белгилей кетсек, Казакстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 42 миллиард долларды түзөт. Өткөн жылы Биримдик Казакстандын экономикасына 10 миллиард доллардан ашык инвестиция салган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков