Мамлекет башчысы «Таза Казакстан» экологиялык фестивалында сөз сүйлөдү

Мамлекет башчысы «Таза Казакстан» экологиялык фестивалында сөз сүйлөдү

Бүгүн Астанада «Таза Казакстан» экологиялык фестивалы өттү. Ага мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев катышты. Ал өз сөзүндө «Таза Казакстан» долбоору бир жыл мурда башталганын белгиледи. Бул учурда, Улуттук демилгеге катышкан ар бир жаштар көпчүлүккө үлгү болду. Мамлекет башчысы тазалыктын мааниси жана мааңызы тууралуу ой бөлүшүп, ойду да, өсүүнү да, айлана-чөйрөнү да таза кармоо ар бир адамдын ички маданиятынын көрсөткүчү деп баа берди. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Тазалык ар бир адамдан, ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн жана ар бир шаардан башталышы керек. Анткени , «Таза Казакстан» бир күндүк өнөктүк эмес. Бул биздин жашоо образыбыз. «Жаш келсе - ишке» деп бекеринен айтышпайт элибиз. Бардыгыбызды жаратылышты коргоо идеясы бириктирип турат. Баарыңыздардын чогуу жасаган ишиңиздердин аркасында бул демилге ушунчалык чоң кыймылга айланды. Жалпы ишке күчтөрдүбириктирүү ушундай болушу керек. 

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле ыктыярчылардын эмгегин белгиледи. Мамлекет башчысы ишканалар жана ишкерлер экологияны жакшыртууга чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Президент «Таза Казакстандын» алкагында өтө чоң иштер жасалып, миллиондогон тонна таштанды чогултулуп, көчөттөр отургузулганын белгиледи. Ошол эле учурда «Бүткүл казакстандык дарак отургузуу күнү» акциясы жакшы салтка айланганын кошумчалады. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Бул иш-чаранын алкагында акыркы үч күндө өлкө боюнча 4,5 миллионго жакын көчөттөр отургузулуп, токойлорубузду толтурду. Бак-дарактарды отургузуу менен жайлуу жана таза чөйрөнү түзөбүз. Бүт короону жана көчөнү, сейил бактарды таза кармоо өзүбүздүн колубузда. Тазалык жана тартип – туура жашоо образынын негизги көрүнүшү. 

Фестивалдын аягында бир топ жаштар сыйланды. Президент ошондой эле экофестивалга арналган көргөзмөгө катышты. Экологиялык фестивалдын алкагында Президент Касым-Жомарт Токаев экоактивисттер менен биргеликте Астанадагы «Жаштар» паркына бак отургузду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков