Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Казакстанда 44
миллион 700 миң тонна мунай өндүрүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчыга энергетика
министри билдирди. Алмасадам Саткалиев Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн
отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү тууралуу айтып берди. Бул мезгилдин
ичинде мунай өнүмдөрүн өндүрүү 6,78 миллион тоннаны түзгөн. Ошондой эле 30,1 млрд куб
метр газ өндүрүлүп, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 60,4 млрд кВт саатка
жеткен. Президентке ошондой эле ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу
планы жана кайра жанма энергия булактарын
өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Жыйындын соңунда мамлекет
башчы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана ички рынокту мунай өнүмдөрү менен камсыздоо боюнча
тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков