Казакстандын экономикасына чет элдик компаниялар 30 жыл ичинде 430 миллиард доллардан ашуун инвестиция салды. Негизги багыттары казып алуу, кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайы болду. Өлкөгө инвестициялардын эң чоң көлөмү Нидерландыга таандык. Аталган мамлекет 2005-жылдан бери тоо-кен казып алуу жана карьерлерди иштетүүгө 120 миллиард доллардан ашык каражат жумшаган. Кийинки орунда АКШ турат, 53 миллиарддан ашуун. Инвесторлордун акчалай салуусу негизинен мунай-газ, каржы, ошондой эле камсыздандыруу тармактарына багытталган. Алдыңкы үчтүккө Швейцария кирет. Бул өлкө айыл чарба, унаа жасоо, транспорт жана логистика тармагына 35 миллиард доллардан ашык каражат жумшаган. Төртүнчү орунда Кытай турат. Казакстандын тоо-кен жана соода тармагына 25,5 миллиард доллар инвестициясы бар. Ал эми топ-5тикте 24 миллиард доллары менен Орусия кирди. Орусиялык компаниялардын капиталынын көпчүлүк бөлүгү казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайында, соодада, электр менен камсыздоодо жана курулушта топтолгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

