Казакстандык окумуштуу кальцийленген сода өндүрө турган жаңы технология ойлоп тапты

Казакстандык окумуштуу кальцийленген сода өндүрө турган жаңы технология  ойлоп тапты

Зыяндуу калдыктары жок кальцийленген сода өндүрүү. Бул маселенин чечилишин Карагандынын окумуштуусу тапты. Калкаман Жумашев 8 жылдан бери акиташ ташты колдонууну талап кылбаган жаңы технологиянын үстүндө иштеп жатат, демек абага зыяндуу заттардын чыгышы жокко эсе. Энергияны көп талап кылуучу процесстерди кыскартуу натрий карбонатынын наркын төмөндөтөт. Жаратуучу өзүнүн ноу-хаусун патенттеп, эл аралык автордук күбөлүк алган. Павлодардык өндүрүшчүлөр буга кызыктар. Алар эксперименталдык өнөр жай сыноосун өткөрүүгө даяр жана натыйжасы оң болсо, аны үйдө ишке ашырышат. Белгилей кетсек, кальцийленген сода металлургия тармагында кеңири колдонулат жана Казакстанда ага болгон суроо-талап жылына 400 миң тоннадан ашат. Бул продукция бизге чек өлкөдөн алынып келинет.

Калкаман Жумашев,  техника илимдеринин доктору:

- Эски технология боюнча иштесе , анда чыгарылган ар бир тонна содага 10 кубометр хлорид эритмеси туура келет. Ар бир тоннадан бир тоннага жакын СО2 бөлүнүп чыгат. Азыр бүткүл дүйнө ага каршы күрөшүп жатат. Экологдор эски технологияга каршы болгондуктан, алар жаңыны издөөгө аргасыз болушкан. Мен сунуштаган технология бул талаптарга толук жооп берет.

 

Которгон: Назира Бегалиева