Казакстанга тартылган инвестициянын көлөмү өстү

Казакстанга тартылган инвестициянын көлөмү өстү

2022-жылдын биринчи кварталында Казакстанга келген чет элдик инвестициянын көлөмү болжол менен 7 миллиард долларга жетти. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде капиталдын агымы 4 миллиарддан бир аз ашык болгон. Негизги инвесторлордун арасында Нидерланды жана АКШ бар. Ар бири 2 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Ошондой эле Түштүк Корея, Түркия жана Бельгиядан келген инвесторлор жигердүүлүктөрүн көрсөтүштү. Кийинки орундарда Швейцария - 663 миллион доллар, Орусия - 498,5 миллион жана Кытай турат. Кытай казак экономикасына 310 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Инвесторлор үчүн жагымдуу секторлор болуп тоо-кен, кайра иштетүү өнөр жайы, соода, финансы жана камсыздандыруу кызматтары, ошондой эле курулуш индустриясы, транспорт жана сактоо секторлору болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков