Атырау облусунда жумушчу адистиктер жылынын алкагында 9
колледждин материалдык-техникалык базасы жаңыланат. Мындан тышкары,
студенттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 750 орундуу жатакана курулат. Айта кетсек, аймакта техникалык адистиктер боюнча 2
миңге жакын адам билим алат. Алардын жарымына жакыны кош билим берүү
системасы боюнча өндүрүштө иштешет. Нурдаулет Жаңабай уулу мунай-газ тармагында
өзүнүн кесиптик чеберчилигин тажрыйбада да бир жылдан ашык убакыттан бери
өркүндөтүп келет.
Нурдаулет Жаңабай уулу, студент:
- Жалпысынан алганда, бул кесипти мен үй-бүлөмдүн кеңеши
менен тандагам. Менин агам ошол адистикте окуган, ошол себептен мен ошону
тандадым. Башында мен бул кесипке катуу кызыгуучулугум болгон жок. Бирок
өндүрүш аянтчасында болгондондуктан бардыгын өз көзүм менен көрүп, өз колум
менен жасагандан кийин кызыгуучулук пайда болду деп айтсам болот. Азыр бул
кесипти тандап алганыма өкүнбөйм.
Атырау облусунда жыл сайын жумушчу кадрларды даярдоо үчүн
гранттардын саны көбөйүүдө. Быйыл алардын саны 4 жарым миңден ашты. Бүгүнкү
күндө аймакта 24 колледж бар. Алардын жарымында техникалык адистиктер окутулат.
Маржан Лапиденова, Агрардык-техникалык колледжинин мүдүрүнүн
орун басары:
- Биз бул жерде айыл чарба адистерин даярдоо боюнча хаб
ачууну каалайбыз, ал айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кесибине
ылайыкташтырылат. Бул облустук билим берүү башкармалыгы менен макулдашылып
жатат.
Которгон: Илгиз Жамлбеков

