Казакстан Сауд Арабиясына товар экспортун арттырат

Казакстан Сауд Арабиясына товар экспортун арттырат

Казакстан араб өлкөлөрүнө экспортту көбөйтүүгө даяр. Башкача айтканда, 400 миллион долларга жакын 100 товарды берүүгө кызыкдар. Республиканын соода жана интеграция министрлиги белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө Сауд Арабиясына товарларды жеткирүү укугуна ээ болгон ата мекендик компаниялардын тизмеси кеңейүүдө. Негизинен алар эт жана башка айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөр. Белгилей кетсек, Королдук Казакстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү. 2022-жылы эки тараптын соода жүгүртүүсү 16,5 миллион АКШ долларын түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 90%дан ашык өстү. Ошол эле учурда өлкөдөн Сауд Арабияга экспорттун көлөмү 4,7 миллион долларды түздү. Жеткирүү тизмесинде ферро эритмелер эң чоң үлүшкө ээ. Ошондой эле кара металлдар жана курама курулуш конструкциялары жөнөтүлүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков