Казакстандын президентин кезексиз шайлоодо Түштүк Корея менен Жапониядагы казакстандыктар биринчилерден болуп добуш беришти. Аталган мамлекеттердеги шайлоо участкалары Астана убактысы боюнча таңкы саат 4тө жана Сеул убактысы боюнча таңкы 7де ачылган. Күн чыгыш өлкөсүндө миңдеген мекендештер жашайт. Шайлоо участогуна алгачкылардан болуп учурда жумушуна жана окуусуна байланыштуу Сеулда жашап жаткан Юрий Цой менен Майя Ли келишти. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу аймактарда беткап кийүү милдеттүү. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Казакстандын жараны көз салууда, ал эми имаратты Сеул полициясы күзотүп турат. Добуш берүү Астана убактысы боюнча саат 17:00дө аяктайт.
Майя Ли, Сеул шаарынын тургуну:
Бул ар бир казакстандык жарандын милдети деп ойлойм. Мен бардык мекендештерибиздин активдүү болушун каалайм, анткени бул жараян мамлекеттин келечегин аныктайт. Келечек жаштардын колунда деп ишенем. Президентибиздин жүргүзүп жаткан негизги реформаларынын бири – билимдүү, илимдүү жаштардын катышуусу менен жаңы Казакстанды түзүү. Мен өзүм дагы билимди тынымсыз өркүндөтүп жаткан адам катары өлкөнүн тагдыры жаштардын колунда деп эсептейм.
Бээжин
Бээжиндеги казакстандыктар да эртең менен чогулуп, өздөрүнүн жарандык тандоолорун жасашты. Кытайда 3 шайлоо участогу ачылган. Алардын бири Пекиндеги элчиликте, ошондой эле Шанхайдагы башкы консулдукта жана Сянган административдик районунда жайгашкан. Шайлоо участкасында коронавируска каршы бардык чаралар каралган. Шайлоочулардын арасында дагы студенттер көбүрөөк. Көптөр биринчи жолу шайлоого катышып, добуш беришти.
Адия Шалкарбаев, студент:
Мен бул жакка кубаныч менен келдим. Чет өлкөдө жүргөндө Казакстандын президентин тандоо мен үчүн чоң сыймык. Шайлоо Казакстандын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө жаңы салым кошот деп ишенем
Абилкайыр Кадырбай, студент:
Чет өлкөдө добуш берүү мен үчүн чоң тажрыйба болду. Алыста жүрсөм да ушундай мүмкүнчүлүк берген мекениме ыраазымын. Ал эми бүгүнкү шайлоого келсек, жаңы өзгөрүүлөр болоруна ишенимим чоң.
Которгон: Илгиз Жамалбеков